Баткен: 2020-жылы аткезчиликтен казынага 10 миллион сомдон ашык каражат түштү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧек ара бекеттеги жүк ташуучу унаа. Архив
Чек ара бекеттеги жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустагы кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантуу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү керектиги айтылды.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Баткендин күч органдары 2020-жылы контрабандага бөгөт коюуда мамлекеттин казынасына 10 миллион 316 миң 258 сом өндүрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү облустагы укук коргоо органдары менен өткөргөн кеңешмеде айтылганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Аткезчилик жолу менен кошуна өлкөлөргө жүк ташууга бөгөт коюу боюнча 2020-жылдын 18-ноябрында өкүлчүлүктүн буйругу чыгып, жумушчу топ түзүлгөн. Мындан улам чек аралаш аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн.
"Облустагы Бажы кызматы аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 148 фактыны аныктаган. Бул жаатта козголгон сотко чейинки өндүрүш иштерден 5 миллион 750 миң 680 сом акча каражаты мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Киши акча берип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
Мындан сырткары, 2020-жыл ичинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан аткезчиликке байланышкан 20 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында мамлекеттин пайдасына 4 миллион 565 миң 578 сом өндүрүлгөн.
Ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантуу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенгендерди жана аларга көмөктөшкөндөрдү аныктоо менен мыйзамдын чегинде иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0