Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүУборка и переработка первого урожая российского картофеля для "Макдоналдс"
Уборка и переработка первого урожая российского картофеля для Макдоналдс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы сүт азыктары боюнча жакшы көрсөткүч болуп, өлкөнүн ички керектөөсүнөн 443 миң тоннага көп өндүрүлгөн.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев былтыр өлкөдө канча айыл чарба продукциясы өндүрүлгөнү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, сүт азыктары боюнча жакшы көрсөткүч болуп, өлкөнүн ички керектөөсүнөн 443 миң тоннага көп өндүрүлгөн. Ошол эле учурда керектөөнү толтуруу үчүн эттин 14,7 пайызы, кумшекердин 32,8 пайызы, суу майдын 70 пайызы, мөмө-жемиштин 29,1 пайызы сырттан алып келинген.
Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр:
  • картошка — 1 миллион 133 миң тонна;
  • эт — 362 миң тонна;
  • сүт — 1 миллион 553 миң тонна;
  • жумуртка — 526 миллион даана.
Соңунда Токтогазиев быйыл өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун ички булактардан камсыздоо маселеси колго алынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0