Мамытканов: Жетим-Тоого чалгындоо жасала элек, канча металл бар экени белгисиз

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Максат Мамытканов
Вице-премьер Максат Мамытканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Жетим-Тоону коргойбуз деген уюмдар түзүлүп жатканын айтып, аларды дагы чогуу-чаран иштешүүгө чакырды.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жетим-Тоо кенине геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлө элек. Бул туурасында вице-премьер Максат Мамытканов аталган кендин айланасындагы чуу боюнча маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, алгач кыргызстандык ишкана түзүлүп, ага чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
"Чалгындоонун корутундусу чыккандан кийин Жетим-Тоодо канча тонна темир жана башка металлдар бар экенин айтсак болот. Биринчи кезекте чалгындоо жүргүзүп, реалдуу запастарын аныкташыбыз керек. Аны үчүн биз Кыргызстандын ачык акционердик компаниясын түзүп, ага лицензия беребиз. Чалгындоо бүткөндөн кийин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгыш керек. Аны казып ишке киргизгенге чейин дагы көп убакыт бар. Ошону түшүнбөй туруп эле кээ бир саясатчылар элди дүрбөлөңгө салып жатышат", — деди Мамытканов.
Ошондой эле ал Жетим-Тоону коргойбуз деген уюмдар түзүлүп жатканын айтып, аларды дагы чогуу-чаран иштешүүгө чакырды. Өкмөт дагы Жетим-Тоону коргоого аракет кылып жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0