Республикалык бюджеттин 2021-жылдагы киреше-чыгашасы бекитилди

© Sputnik / Табылды КадырбековСом тыйындары жана сандык столдун үстүндө. Архив
Сом тыйындары жана сандык столдун үстүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Эми ага президенттин милдетин аткаруучу кол койду.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 млн. доллар берет
Аталган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын 2021-жылга карата республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 миллион сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 миллион сом суммасында бекитилди. 
Ал эми 2020-жылдагы республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 миллион сом деп белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0