Өзбекстанга мал экспорттоо 17 эсеге өстү. Былтыркы жылга карата статистика

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТорпоктор. Архив
Торпоктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Өзбекстан менен Тажикстанга ири мүйүздүү жана майда жандыктарды чыгарууга тыюу салуусу малга суроо-талапты күчөттү.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Былтыр 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда мал экспорттоонун көлөмү кескин жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети январь-октябрь айларындагы маалыматка таянып билдирди.
Ири мүйүздүү мал жана кой-эчкилер Өзбекстан менен Тажикстанга гана жиберилген. 2019-жылы бул өлкөлөргө 1,1 миң баш ири мүйүздүү мал жөнөтүлсө, былтыр бул көрсөткүч 10,3 миңден ашкан.
  • Тажикстан — 506 баш (2019-жылы — 553);
  • Өзбекстан — 9 847 баш (573).
Ушул эле аралыкта 33 705 баш кой-эчки жөнөтүлсө, мурдагы жылы алардын саны 4 855 гана болчу.
  • Тажикстан — 256 баш (387);
  • Өзбекстан — 33 449 баш (4 468).

Мал экспортоого бөгөт

Мал сойуучу ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы

Маалыматка караганда, Казакстандын Өзбекстан менен Тажикстанга мал чыгарууга тыюу салуусу кыргыз малына суроо-талапты күчөттү. Мунун айынан өлкө ичинде баалар жасалма түрдө өсүп кеткен. Мындан улам 19-ноябрда чет өлкөгө ири мүйүздүү мал, кой жана эчки, үй канаттуулары (тоок, өрдөк, каз, үндүк жана куштар) буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз жана тоют сатууга тыюу салынган.

Бирок жакында эле Айыл чарба министрлиги мал тыюу салууларга карабай дагы деле чыгарылып жатканын билдирди.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0