ЕАЭБ: союздаштар саясатты шайкеш келтирүүгө мезгил жетти

Жазылуу
Узаган жыл Евразиялык экономикалык биримдик үчүн объективдүү сыноолорго мол болду. Коронавирус эпидемиясы интеграциянын негизги принциптеринин бири — жарандардын кыймылынын эркиндигин бузду.
Евразиялык союздаштардын ортосундагы товар айлантуунун төмөндөшү, улуттук экономикалык өсүштүн ыргагынын басаңдашы башка интеграциялык түзүмдөрдөгү процесстерден көп айырмаланган жок. Быйыл кайсы жак болбосун баары басаңдай түштү.
2020-жыл бизге тышкы каатчылыкты союздук логикада кароо татаал экенин, ошондуктан ар бири экономикалык көйгөй менен өзүнүн камы жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөштү. Анткен менен каатчылык каптаган 2020-жылы Өзбекстан жана Куба уюмга байкоочу болушканын да белгилеп коюу абзел.
Иран менен эркин соода зонасын жаратуу жөнүндөгү ыкчам сүйлөшүүлөрдөн улам, 2025-жылга чейин ички рынокту 250-300 миллионго чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми азырынча ЕАЭБдин мүчөлөрүн бир айласын табууга аргасыз кылган чакырыктардан кеп салууга болот.

№1 чакырык. Тышкы чек аралардын жабылышы жана өлкө ичиндеги кыймылдын эркиндиги

Улуттук чек аралардын жабылышы ЕАЭБ жетиштүү деңгээлде терең интеграцияланбаганын айгинеледи. Анткени бул жылдар бою социалдык стандарттарды бирдиктүү нормаларга келтирүү евразиялык интеграциядан тыш калып келген.
Матч по крикету между Австралией и Индией - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
ЕАЭБ мамлекеттеринин Индия менен соода алакасы. Статистика
Медицина жана саламаттыкты сактоо тармагы да союздаштардын өнүгүүсүндө сапаттык айырмачылыктарды көрсөттү. Ошондуктан чек араларды жаппай коюуга дегеле мүмкүн болбоду. Корона каатчылыгы эгер ЕАЭБдин күн тартибине саламаттыкты сактоо жана социалдык саясатты шайкеш келтирүү маселелери кирбей калса, биримдик ичинде эркин жүрүү дагы да тобокелдүү болорун да эскерткендей болду. Маселен, Кыргызстан жана Армения үчүн Россиянын эмгек рыногуна чыгуу үй чарбасынын кирешеси үчүн өтө зарыл, ал эми РФ өкмөтү өз кезегинде эмгек мигранттарына үмүт кылат. Жарандардын эркин жүрүүсү эки шартты аткарууда гана камсыз болушу мүмкүн: ЕАЭБге союздук социалдык жана медициналык стандарттарды киргизүү жана тышкы чек араларды ачык көзөмөлдөө, анын аркасы менен миграциялык саясатты жөнөкөйлөтүү.

№ 2 чакырык. Тышкы кысым жана эки тараптуу союздар

Быйыл ЕАЭБдин дароо үч өлкөсү сырткы да, ички да легитимдүүлүгү боюнча олуттуу көйгөйлөргө тушукту. Беларусь Республикасында коомдун терең ажырымына байланышкан каатчылык уланууда. Бул президенттик шайлоого байланыштуу ачыкка чыгып отурат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө бийлик коллапска кабылды. Бул кайра шайлоо өткөрүү зарылдыгы гана тургай, президенттин отставкасына жана конституциялык референдум өткөрүүгө алып келди. Арменияда маңызында, иш жакынкы коңшусу менен ачык согушууга чейин жетти. ЕАЭБ бардык учурда союздук субъект катары каатчылыктын өтүшүп кетишин бөгөттөп же токтотууга жөндөмсүз болуп чыкты.
Россия менен эки тараптуу мамилелер алкагында мүмкүнчүлүктөргө жол ачылды. Беларуска ыкчам насыялар берилди. Армения менен Азербайжанды толук кандуу согуштан Россиянын кырдаалды жөнгө салууга кийлигишүүсү гана сактап калды. Анын натыйжасында тынчтык орнотуучуларды киргизди.
Бет капчан коопсуздук кызматкерлери Пекиндеги Чоң жыйындар залынын алдында күзөттө турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусуна Кыргызстан ортомчу болуп бере алат
Кыргызстанга Россиянын мамлекеттик бюджетинен кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлүндү. Бул каражат бюджеттин жыртыгын бүтөө үчүн, мугалим жана бюджеттик мекемелердин маянасын берүүгө жумшалмакчы.
2020-жылдагы саясий каатчылыктар өнөктөштөргө тартипти сактоо жана башкаруунун өйдө-ылдыйында экономикалык жана уюштуруу чыгымдарын азырынча Россия гана көтөрүүгө даяр экенин көрсөттү. Андыктан көп тараптуу союздун ичиндеги эки жактуу мамилелер Москва үчүн актуалдуу бойдон калууда. ЕАЭБ кайчылаш пикирлердин баары эске алынган, бирок алар кээде жылдап чечилчү интеграциялык аянтча катары сакталат. Ошондуктан союздаштар ЕАЭБ жана ЖККУ алкагында Россияга өздөрү эки тараптуу форматты сунуштаганы дурус.
Эгер Россия Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Союздук мамлекет тибине жараша Беларусь менен эки жактуу альянс менен күчтөнсө гана интенсивдүү евразиялык интеграцияны күтүүгө болот.

№ 3 чакырык. Россиянын прагматизациясы (максатка шайкештиги) жана союздук санкциялык саясат

Европа биримдиги, АКШ жана Япониянын 2014-жылдагы санкциялары жана РФтин жооп катары көргөн чаралары Россиянын өзүндө экономикалык саясатты кайра кароого түрткөн, прагматизация ошентип башталган.
Импортту алмаштыруу процесстери, кайра иштетүүгө, илимге инвестициялар жана өнөр жай капиталы акырындап россиялык ички рынок глобалдык экономиканын тиркемеси эмес, өзүн өнүктүрүүнүн маанилүү элементине айланышына алып келди.
ЕБ жана Кытай кынык алгандай эле арзан сырье сатып алып, товарларын өздүк наркынан ашкереленген баада жөнөтүп, натыйжада Россиядан "агылган" капиталды өзүнө кабыл алууга ыңгайлуу экономика катары карашат. Сырьену технологияга жана өнөр жай товарларына алмаштырууну заматта токтотуп коюуга болбойт. Бирок мамлекеттик сатып алуулар тутуму, салык боюнча жеңилдиктер жана бошотуу (чыгарып салуу) аркылуу өндүрүш тармактарын өбөлгөлөө процесстери уланат.
Мясоперерабатывающий комбинат Южный в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде товар алмашууну жакшыртуу боюнча карта иштелип чыкты
ЕАЭБ боюнча союздаштар мында эки жолду тандашат: Россиядагы бул экономикалык прагматизация процесстерине кошулат же өздөрүнүн транзиттик абалын колдонууну жана евразиялык союздаш макамын улантышат.
Мындай жолду тандаган өнөктөштөрдү Россиянын мамлекеттик жөнгө салуучулар жана көзөмөлдөө кызматтары менен алаканы аныктоочу мезгил күтөт. РФ импортту тегиз санариптештирүүгө өтүп, товардын бажыканадан дүкөн текчесине чейинки изин текшерет өңдөнүп калды.
Россиянын прагматизациясы – бул жакынкы 5-10 жылда жүзөгө ашырыла турган жаңы тренд. Эртеби-кечпи ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөргө карата жалпы санкциялык саясатты баштайт. Союздаштар өз саясатын Россия менен шайкеш келтирүү (жана мунун артыкчылыгын көрүү) же прагматизация, импортту алмаштыруу жана ички рынокту коргоо процесстеринин авангардында өзүнчө чыгууга туура келет. Стратегияны ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өзү тандайт.

Келечекте эмне күтөт?

ЕАЭБдин келерки беш жылы макулдашылган келишимдерди шайкеш келтирүү жана биримдиктин мүчөлөрүнүн өзүн өзү аныктоосу менен өтөт. Катаал жылдары РФ бир катар өнөктөштөрдүн экономикалык өнүгүүсүн турукташтыруу үчүн болушунча күч жумшады. Бирок жыл өткөн сайын ЕБ менен АКШнын тиш кайраганы күчөгөндөн күчөп барат, Россия да ага жооп кайтаруу стратегиясын аныктап алды. Эми кезек анын евразиялык өнөктөштөрүндө. Эгер алар үчүнчү өлкөлөргө карата Россиянын саясаты менен шайкештикке даяр болсо, анда ЕАЭБдин интенсивдүү өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү сакталат.
Ошону менен бирге эле евразиялык интеграцияга альтернативалар да жок. Глобалдык экономика каатчылык өкүм сүрүп турганда континенталдык экономикалык союз жана альянстарга өтөт. ЕАЭБдин алдында ушундай оюнчулардын бири болуу милдети турат.
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мукамбетов: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат
Көп багыттагы, ар тармактагы дүйнө ушул жерде жана ушул убакта түзүлүүдө, натыйжада либералдык глобализмдин бузулушу көптөгөн каатчылыктар менен коштолот. Жаңы дүйнөдө Дүйнөлүк соода уюмунун либералдык жобо жана принциптеринен алгачкылардан болуп баш тартып, эгемендүүү институт жана биригүү методологиясын түптөй баштагандар гана тирденип кетет.
ЕАЭБ үчүн аймактарды интеграциялоону тереңдетүү жана өнөр жай кооперациясы, үчүнчү өлкөлөрдүн рыногун биргеликте багындыруу, ошондой эле союздук билим берүү, илимий жана маданий мейкиндикти түзүү милдеттери абдан урунттуу бойдон калат.
Анткени дүйнөгө чийки зат жана товарды сунуштаган гана эмес, ар кыл улуттук маданияттагы жарандардын биргеликте өнүгүү үлгүсүн көрсөтө алган союздар гана чындап ийгиликтүү болушат. Евразиядагы күчөп бараткан башаламандыктан улам дал ЕАЭБ мындай бирикменин үлгүсү боло алат.
Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0