Сом долларга карата дээрлик 20 пайызга түштү. Жыл жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз сому жана АКШ доллары. Архив
Кыргыз сому жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл ичинде сом долларга, еврого, юанга, фунт стерлингге карата бир кыйла төмөндөп, бирок рубль жана теңгеге салыштырмалуу өзгөрүүсүз калды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2020-жылы сомдун долларга карата курсу 19,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардагы орточо курс боюнча маалыматтарга таянып айтууга болот.

1-январга карата алмашуу курсу 69,64 сомду түзсө, 31-декабрда 83,23 болду. Башкача айтканда, бир жыл ичинде улуттук валюта 13,59 сомго арзандаган.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго түшүп кетти
Жыл башында евро 77,98 сомду түзсө, учурда 102,8ге жетти. Курс 31,8 пайызга же 24,82 сомго жогорулады.

Жыл ичинде рублдин курсу мезгили менен өзгөрүп турган, бирок жыйынтыгында 1,13 сом бойдон калды.

Теңге 20 тыйынга бекемделип, бүгүнкү күндө 0,2 сомго бааланууда.

Юань 25,5 пайызга кымбаттаган. Жыл башында баасы 9,96 сом болсо, азыр 12,5ти түздү.

Фунт стерлинги да кыйла жогорулап, 91.0 сомдон 110 сомго чейин жетти. Тагыраагы, 20,7 пайызга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0