Кыргызстан быйыл сыртка күмүштү көп сатты. Алган өлкөлөр

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКүмүш куймалары. Архив
Күмүш куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын январь-октябрь айларында баалуу металлдын көлөмүнүн 10,5 тоннадан ашыгы 6,3 миллион доллардан көп каражатка сатылган.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ушул жылдын он айында Кыргызстан 10 тонна 556 килограмм күмүш экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Баалуу металлдын 220 килограммы Түркияга, калганы Швейцарияга сатылган. Алар жалпысынан 6,3 миллион долларга бааланды.

Өткөн жылдын январь-октябрь айларында КР дээрлик 6,2 тонна күмүштү 3,1 миллион доллардан ашык акчага саткан. Аны жогорудагы өлкөлөр жана Улуу Британия сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0