Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 млн. доллар берет

Жазылуу
Каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы. Анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагын каржылоо кирет.

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Россия Федерациясы Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагын каржылоо кирет.

Эми келишимдин долбоорун кыргыз тарап кабыл алып, жакынкы аралыкта кол коюлушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0