Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Министрликтин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралар жана Кыргызстандын желеги. Архив
Бир миң сомдук купюралар жана Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министринин орун басарынын айтымында, 2019-жылы мамлекет бюджеттик чыгымдардын 55,3 пайыздан ашыгын социалдык маселелерге жумшаган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2020-жылдагы республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын 53 пайызга жакыны социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди. Ал "КР бюджетинин дефицити: пенсияны төлөө жана мамлекеттик карыз боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков
Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Министрликтин жообу - Sputnik Кыргызстан
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков
"Быйыл республикалык чыгымдардын 11 пайыздан ашыгы саламаттык сактоо тармагына, 22 пайыздан ашыгы билим берүү тармагына, 13 пайызга жакыны социалдык жактан коргоого жумшалган. Ошентип жалпы чыгымдардын 52-53 пайызга жакыны социалдык маселелерге сарпталат", – деди ал.

Кармышаков кошумчалагандай, 2019-жылдын аягына чейин мамлекет бюджеттик чыгымдардын 55,3 пайыздан ашыгын социалдык маселелерге жумшаган. Тагыраагы, сөз  саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, спорт жана эс алуу жөнүндө болуп жатат.

Министрдин орун басары, ошондой эле, өкмөт айлыктын, пенсиянын жана жөлөк пулдардын өз убагында төлөнөрүнө ишендирип кетти.

Буга чейин Кармышаков төмөндөгүлөргө токтолгон:

Жаңылыктар түрмөгү
0