Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Ысык-Көлдө Евразия мамлекеттеринин жалпы диалогу үчүн аянтча түзүлүшү мүмкүн

Жазылуу
Шувалов КР экономикасын өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал үчүн алгач саясий кырдаал турукташуусу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө Евразия мамлекеттеринин коомдук диалогу үчүн кошумча аянтчалар түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Евразия интеграциясы" эл аралык бирикмесин түзүүнү демилгелеген "Туруктуу өнүктүрүү" форумунун уюштуруу комитетинин төрагасы Юрий Шувалов билдирди.

Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн Москва — Бишкек — Минск — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.

"Евразия өнүктүрүү банкынын алкагында экономиканы өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү долбоорлорду талкууласа болот. Мында кеп каражаттын жоктугунда эмес, маселе Кыргызстандын өзүнүн жаратылыш ресурстарынын негизинде, инфраструктурасынын жана туризмди гүлдөтүүчү шарттардын базасында өнүгүүсүндө. Биз Ысык-Көлгө кубануу менен келип турабыз, ал жакка жалпы Евразиянын диалогу үчүн аянтча түзүү боюнча сүйлөшүп жатабыз", — деди Шувалов.

Дары өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ элчинин дары өндүрүү боюнча Индиядан сабак алуу сунушун жактырды
Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын потенциалы кеңири.

"Кыргызстан "Ростех" жана башка россиялык корпорациялар менен кызматташып жатат. Республиканын экономикасынын өнүгүшү – шериктештиктин алдында турган маанилүү тапшырмалардын бири. Өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып калса экономиканын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлөт", — деди Шувалов.

Буга чейин адис Кыргызстан ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусуна ортомчу боло аларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0