Коопсуз шаар: өкмөт "Веганын" 20 млн. сом айып пулун кечип салганы аныкталды

Жазылуу
Иш кечеңдегенден кийин эки тараптын ортосунда мөөнөтүн узартуу тууралуу кошумча келишимдер түзүлгөн эмес.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өкмөт "Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашырган "Концерн радиостроения Вега" компаниясы өз ишин мөөнөтүнөн кечигип бүтүргөнү үчүн салынган 20,1 миллион сом айып пулду кечип салганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин биринчи этабын жүзөгө ашырууга тендер жарыялаган. Аны утуп чыккан "Концерн радиостроения Вега" компаниясы менен келишим түзүлгөн.

"Келишимде көрсөтүлгөн кызматтар өз убагында бүтпөсө, ар бир күн үчүн айып жазылары макулдашылган. Прокуратура текшергенде компания белгиленген мөөнөтүнөн 50 күнгө кечигип, ага 20 миллион 171 миң сом айып пул салынган. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети ал каражатты негизсиз түрдө кечип салып, мамлекетке ири суммада зыян келтирген. Тараптар ортосунда иштин мөөнөтүн узартуу тууралуу кошумча келишим түзүлгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0