Доллардын баасы 80 сомдон төмөндөдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сомду (сатуу) кармап турду, андан кийин кескин түшө баштады.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Доллардын баасы 80 сомдон төмөн түшүп кетти. Бул тууралуу Valuta.kg порталында жазылды.

Сатып алуунун орточо курсу 79,37 сомду, ал эми сатуу 79,77ни түздү. Бирок банктарда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Маселен, сатып алуу 79,2 сомдон 80,4 сомго чейин болсо, сатуу 79,6дан 80,8 сомго чейин деп турат.

Белгилей кетсек, дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сомду (сатуу) кармап турду, андан кийин кескин түшө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0