Кыргызстанда ЕАЭБден тыш өлкөлөрдөн автоунаа ташып келүү эрежеси өзгөрдү

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорттун, орнотмолордун жана жабдуулардын баштапкы каттоосу бажы жагынан жол-жоболоштурулган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары мындан ары ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн ташылып келинген автоунаалардын түзүлүшүнүн коопсуздугуна лабораториялык кароо жүргүзбөйт. Бул процедурага юридикалык жактар гана милдеттүү болорун Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Тиешелүү токтомду кыргыз өкмөтү 7-декабрда кабыл алган. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө транспорттун, орнотмолордун жана жабдуулардын баштапкы каттоосу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • КР жаранынын паспорту;
  • техникалык каражаттын чыгарылгандыгын тастыктаган документтер же товар жөнүндө декларация;
  • каттоо иш-аракеттеринин негизи болуп саналган документтер;
  • менчик укугун тастыктаган документ;
  • каттоо документтери, белгилер;
  • банктык квитанциялар.

"Унаа" ишканасынын кызматкерлери транспортту кароо актысы менен арызды жеринде бүтүрүшөт. Жогорудагы документтерден тышкары юридикалык жактарда:

  • мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн импорттолгон автоунааларга лаборатория тарабынан берилген долбоордун коопсуздугу жөнүндө сертификат болушу зарыл.

Ошондой эле кураштырылбаган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана атайын көрсөтүлгөн автоунаалардын түрлөрүн баштапкы каттоодо кошумча төмөнкүлөр талап кылынат:

  • машина кураштыруу процессин тастыктаган документ;
  • каттоодон өткөн орган тарабынан берилген техникалык регламенттердин талаптарына дал келгендиги жөнүндө сертификат.

Транспорттун, орнотмолордун жана жабдуулардын баштапкы каттоосу бажы жагынан жол-жоболоштурулган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда унаа ээси мыйзам боюнча жоопкерчилик тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0