Кыргызстанда Сүт палатасын ачуу пландалууда. Эмне жумуш аткарат

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүПроизводство молока в Ростове-на-Дону
Производство молока в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул орган сүт өндүрүү, кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу жана экспорттоо менен алектенет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда Сүт палатасы түзүлө турганын билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз
Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

Бул орган сүт өндүрүүнү кеңейтүү, айыл жеринде сүттү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, экспорттоо жана башка ушул сыяктуу маселелер менен алектенет.

"Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат", — деп айткан айыл чарба министри Тилек Токтогазиев палата түзүү боюнча жыйында.

Жыл аягына чейин тиешелүү органдар менен Сүт палатасын расмий каттоодон өткөрүү жол-жобосун аяктоо пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0