Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөй баштады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүАКШ доллардын банкноталары жана монеталары. Архив
АКШ доллардын банкноталары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен доллардын орточо курсу сатууда 84,15 сом, евро 102,45 сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 83,11 сом, евро 101,49 сомго түштү.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында доллар менен евронун курсу акырындык менен төмөндөп жатат.

Ноябрь айынын башында доллардын баасы кескин жогорулап, бир жарым айдан бери сатуу 84,9 сомдон түшпөй турган. Аны менен катар эле евро дагы кымбаттап, тарыхта биринчи ирет 103 сомго чыккан.

Бүгүн эртең менен доллардын орточо курсу сатууда 84,15 сом, евро 102,45 сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 83,11 сомго, ал эми евро 101,49 сомго түшкөн.

Россияда доллар декабрь айынын башында арзандаган. Азыркы тапта америка валютасы 73,05 рублдан сатылууда. Айрым эксперттер курс 65-66 рублге чейин түшөрүн айтып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0