Декабрда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн. Нефтетрейдерлердин божомолу

CC0 / Pixabay / Rudy and Peter SkitteriansПовышение цен на ГСМ
Повышение цен на ГСМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, акыркы айларда күйүүчү жана майлоочу майдын дүң баасы кымбаттаган. Бирок запас бар болгондуктан Кыргызстанда кара майдын баасы кармалып турган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда декабрь айында күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы айларда күйүүчү жана майлоочу майдын дүң баасы кымбаттаган. Бирок запас бар болгондуктан Кыргызстанда кара майдын баасы кармалып турган.

Бирок учурда россиялык нефть азыктары рыногунда дүң баа дагы көтөрүлгөндүктөн декабрь ичи Кыргызстанда күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбаттоосу күтүлүп жатат.

"Ошол эле учурда нефтетрейдерлер баанын кескин өсүп кетишине жол бербөө аракеттерин көрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Негизинен 11 ай ичинде жыл башындагыга караганда күйүүчү майдын баасы арзандаган. Мисалы, январь-ноябрь айларынын аралыгында бензин 16,6 пайызга, дизель майы 22 пайызга арзан сатылганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0