ЕАЭБдеги темир жолдун ишин жандантуу үчүн сунуштама даярдалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСтанция "Новосибирск-Главный" в Новосибирске
Станция Новосибирск-Главный в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин аймагындагы темир жол каттамын жандантууда эпидкырдаал учурундагы коопсуздукту сактоо үчүн комиссия атайын методикалык сунуштамаларды иштеп чыкты.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмесиндеги мамлекеттер үчүн темир жолдун ишин жандантуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкканын ЕЭК коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Бишкек — Минск — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.

Малкинанын айтымында, комиссия бул маселе боюнча тыкыр иштеп жатат.

"ЕАЭБдин аймагындагы темир жол каттамын жандантууда эпидкырдаал учурундагы коопсуздукту сактоо үчүн комиссия атайын методикалык сунуштамаларды иштеп чыкты. Учурда алар укуктук экспертизадан өткөрүлүп жатат. Сунуштамалар 2021-жылдын I кварталында бекитилет деп үмүттөнүп турабыз", — деди ал.

Буга чейин Малкина ЕАЭБде товар алмашууну жакшыртуу боюнча карта иштелип чыкканын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0