Новиков ЕАЭБ пандемияга туруштук берүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Новиков өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү сунушун ортого салды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков COVID-19 пандемиясы маалында Евразия экономика биримдигине кирген өлкөлөрдүн интеграциясын бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

IV Международный форум выпускников МГИМО в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Адис ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты
Новиковдун айтымында, өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү керек. Муну ЕАЭБди өнүктүрүү институтунун ишин күчөтүү аркылуу да жасаса болот.

Ошондой эле ал пандемия өндүрүш чынжырчасынын начардыгын жана инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын көрсөткөнүн белгилеген. Аны менен катар региондор аралык өз ара байланыш биринчи кезекте керектелүүчү продукция менен камсыздоо үчүн гана эмес, жалпы жонунан товар жүгүртүүнү колдоо керектигин айгинелегенин айткан.

"Биздин өлкөлөрдүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө, бири-бирин толуктап турууга жана биримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга маани берилиши керек. Биринчи кезекте союзга кирген өлкөлөрдүн суроо-талаптарын жана керектөөсүнүн болжолун түзгөн ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин ишке ашыруу шарт. Биз өз өлкөбүздө товарлардын бардык түрүн чыгарууга аракет кылбашыбыз керек. Бул ички рынокту коргоону алсыздатып, жаңы барьерлерди жаратууга алып келет", — деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин экономикасын толуктап турушу керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0