Улуттук банк долларды ноябрда 10-жолу интервенциялады

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь айында 10-ирет сатылды. Интервенция биринчи жолу 12-ноябрда өткөрүлүп, башкы банк 26,8 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кечээ, 27-ноябрда, Улуттук банк америкалык валютанын курсун турукташтыруу үчүн 1,1 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь айында онунчу ирет сатылды. Интервенция биринчи жолу 12-ноябрда өткөрүлүп, башкы банк 26,8 миллион доллар саткан.

Портфель менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме
Ушул жумада каржылык көзөмөлдөөчү орган 24-ноябрдан 27-ноябрга чейин төрт күн катары менен валюта сатты. Натыйжада айдын башынан бери 68 миллион 650 миң доллар сатылды. Соңку аракеттердин аркасы менен сатып алуу үч тыйынга жогорулады.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда доллардын наркы 83,94 сомду (сатып алуу) жана 84,33 сомду (сатууну) түзүп, ошол жуманын аягында 84,9га (сатуу) жеткен. Азыр сатуу курсу ушул көрсөткүчтү кармап турат.

Улуттук банктын алтын-валюта запасы (эл аралык валюта запастары) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард сомду түзөт. Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы алты айлык импорту үчүн жетиштүү деп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0