Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады

Жазылуу
Депутаттар насыя төлөө мөөнөтү кандай шарт менен узартылып жатканын, анын ичинде Кытайдын позициясына кызыкты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн төрт жылга чейин жылдырууга даяр. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте 2021-жылдын бюджети каралып жатканда билдирди.

Депутаттар насыя төлөө мөөнөтү кандай шарт менен узартылып жатканын, анын ичинде Кытайдын позициясы кандай экенине кызыкты.

"Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кытай тараптан карызды транштар боюнча топ-топко бөлүп төлөөнү төрт жылга жылдыруу сунушталды. Бирок бул аралыкта эки пайыздан үстөк кошулуп турат. Муну эсептей келгенде кийин кошумча дагы 2,9 миллиард сом төлөөгө туура келет", — деди Новиков.

Кыргызстандык сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Финансы министрлиги 30-сентябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион доллар экенин билдирди. Ал эми жыл башынан бери 9 миллиард 991 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Анын ичинен 7 миллиард 446 миллион 400 миңи — негизги сумма, калганы пайыздары. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8,4 пайызын түзөт.

Ал эми кийинки жылга карата тышкы карызды тейлөө боюнча божомолду дагы айтышты. Анда төлөмдөр 19 миллиард 998 миллион 500 миң сом деп каралууда. Негизги суммасы — 14 миллиард 997 миллион 900 миң сом, пайызы — 5 миллиард 700 миң сом.

Финансисттер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилеп келишет. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0