Артка кетти. 2021-жылга Республикалык бюджеттин долбоору сунушталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имаратынын көрүнүшү. Архив
Жогорку Кеңештин имаратынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунун 2020-жылдын биринчи кабыл алынган бюджетине салыштырмалуу киреше бөлүгү 610 миллион сомго аз.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 2021-жылдын Республикалык бюджетинин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентти бюджеттин долбоору менен тааныштырып жатып билдирди.

Жаңы бюджеттин киреше бөлүгү 2020-жылдын биринчи кабыл алынган бюджетине салыштырмалуу 610 миллион сомго аз. Ал эми кайра өзгөртүлгөндөн кийинки бюджет боюнча 25,9 миллиард сомго көбөйөт. 

Кыргызстандык сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Чыгаша бөлүгүн 170,1 миллиард сом менен бекитүү сунушталууда. Муну менен бюджеттин тартыштыгы 7,1 миллиард сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын бюджети алгачкы ирет кабыл алынганда кирешеси 163 миллиард 610 миллион сом, чыгашасы 171 миллиард 563 миллион сомду түзгөн. Дефицит 7 миллиард 953 миллион сом болгон. Бирок коронавирустун жана өлкөдөгү саясий башаламандыктын кесепетинен улам эки ирет өзгөртүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0