Бир ай ичиндеги жетинчи интервенция. Улуттук банк дагы доллар сатты

© AFP / MAHMUD TURKIAАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы интервенциядагы акчаны кошкондо бардыгы болуп бул айда 31 миллион 850 миң доллар рынокко чыкты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы Америка валютасынын курсун калыбына келтирүү үчүн дагы 1,6 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында көрсөтүлдү.

Бул ноябрь айындагы жетинчи интервенция. 12-ноябрь күнү 26,8 миллион доллар сатыкка коюлган. Ал эми өткөн жумада Улуттук банк ар бир иш күнү рынокко доллар чыгарып жатты. Акыркы сатыктагы каражатты кошкондо бардыгы болуп бул айда 31 миллион 850 миң доллар рынокко чыкты.

НПЗ ABC в Сиднее - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 9 айда Улуу Британияга 807 млн. доллар алтын экспорттоду
Өткөн жуманын акыркы күндөрүнөн тарта доллардын курсу 84,9 сомдо кармалып келет.

Кыргызстанда соңку учурларда АКШ акчасынын курсу кескин өсүп жатат. Мисалы, 11-ноябрь күнү сатып алуу 83,94 сом, сатуу 84,33 сом болсо, ошол эле аптанын аягында бир доллар 84 сом 9 тыйындан сатыла баштаган.

Улуттук банктын карамагында турган алтын-валюта кору (эл аралык валюта кору) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта рыногундагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү үч миллиард сомду түзөт. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы жарым жылдыктагы импортуна туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0