Кыргызстан 9 айда Улуу Британияга 807 млн. доллар алтын экспорттоду

© AFP / DAVID GRAYНПЗ ABC в Сиднее
НПЗ ABC в Сиднее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 13 тонна 4 килограмм алтын 562,5 миллион долларга сатылган болчу.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 807,6 миллион долларлык алтын экспорттоду. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган суммада 16 тонна 648,4 килограмм алтын сатылган.

АКШ жүз долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк дагы 2 млн. доллар сатты. Беш күн тынбай жасалган интервенция
Баалуу металлдын дээрлик баары Улуу Британияга экспорттолгон, 4,5 килограммын гана Түркияга алып кетишкен.

Ал эми өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 13 тонна 4 килограмм алтын 562,5 миллион долларга сатылган болчу.

Январь-сентябрь айларында сатып алуу жана сатуу наркы Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингине (иш жүзүндө дүйнөлүк баа) жараша күн сайын белгиленет.

Январь-сентябрь айларында Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (дүйнөлүк баага барабар) бааны аныктоосунда 31,1 грамм унций алтындын наркы 1474 доллардан 2067ге чейин жогорулаган. Былтыр ушул эле мезгилде 1 269 доллардан 1546 доллардын тегереги болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0