Министрлик мал жана бир катар продукциянын экспортун тыюуну сунуштады. Тизме

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүУйларга жем берип жаткан адам. Архив
Уйларга жем берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Тилек Токтогазиев ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу кооптуулугу жаралып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугу боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясынын бааларын жөнгө салуу максатында жасалып жатканы айтылат.

"Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү зарыл. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар", — деди министр Токтогазиев.

Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:

  • Тирүү жылкы;
  • Ири мүйүздүү тирүү мал;
  • Тирүү койлор жана эчкилер;
  • Тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
  • Буудай;
  • Арпа;
  • Жүгөрү;
  • Күрүч;
  • Буудай уну;
  • Өсүмдүк майы;
  • Кумшекер;
  • Тоок жумурткасы;
  • Йоддолгон туз;
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).

Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. Азырынча ал кол коё элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0