Шайлоо менен референдум өткөрүүгө акча барбы? Вице-премьердин жообу

© пресс-служба мэрии города БишкекШайлоо участогундагы электрондук урна. Архив
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын башчысы маалымат берип, анын ичинен акча каражаты туурасында да айтты.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Январда боло турган президенттик шайлоого жарым миллиард сомго чукул каражат бөлүү каралгандыгын вице-премьер жана аталган штабды жетектеген Максат Мамытканов билдирди.

"Киреше жагынан бюджеттин аткарылышында 2020-жылы кыйынчылыктар болгонунан улам маселе жаралат, бирок бул президенттик шайлоону өткөрүүгө кедергисин тийгизбейт. Каржылоону камсыздайбыз", — деди Мамытканов.

БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду
Вице-премьерден Баш мыйзамды өзгөртүү ниетинде өтө турган референдумга бюджетте каражат бар-жогун сурашты. Аткаминер эгерде парламент жалпы элдик добуш берүү боюнча мыйзам бекитсе, өкмөт каржылоо маселесин карай тургандыгын билдирди.

"Бул иш-чараны өткөрөбүз. Тиешелүү каражатты караштырып, табабыз", — деди Мамытканов.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтмөкчү. ЖКнын бир катар депутаттары дал ушул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду кошо өткөрүү демилгесин көтөрүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0