Улуттук банк доллар курсун ооздуктоо үчүн 3 күн катары менен интервенция жасады

© AFP / Nguyen Huy KhamДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада доллардын курсу кайрадан көтөрүлө баштаган. Шаршемби күнү ал 84,33 сомдон болсо, аптанын аягында 84,9 сомдон сатыла баштады.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Үч күндөн бери Улуттук банк ички финансылык рыноктогу абалды жөнгө салуу үчүн АКШ акчасын сатып жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында көрсөтүлгөн.

Эске салсак, өткөн аптада доллардын курсу кайрадан көтөрүлө баштаган. Тагыраагы, шаршемби күнү ал 83,94 (сатып алуу) — 84,33 (сатуу) сомдон болсо, аптанын аягында 84,9 сомдон сатыла баштады.

Интервенция жасалган күндөр:

  • 16-ноябрь (дүйшөмбү) —23,4 миллион доллар сатылды (эртеси күнү сатып алуу бир тыйынга арзандап, 84,71 сом болуп калды);
  • 17-ноябрь (шейшемби) — 0,5 миллион доллар сатылды (келерки күнү сатып алуу 16 тыйынга арзандап, 84,55 сом болуп калды);
  • 18-ноябрь (шаршемби) — 1,3 миллион доллар сатылды (эртеси күнү сатып алуу үч тыйынга төмөндөп, 84,52 сом болуп калды).

Бардыгы болуп 25,2 миллион доллар сатылды.

Бул айда дагы бир интервенция болгон. 12-ноябрь күнү өлкөнүн башкы банкы 26,8 миллион долларды рынокко чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0