Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 18 пайызга өстү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВыдача кредитов
Выдача кредитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда быйыл чакан кредитти көбүнесе Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын тургундары алган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылы тогуз ай ичинде микрокредит алгандардын саны 18,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 545 миң адамга 23,4 миллиард сом насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу алганда 18,5 пайызга, каражаттын көлөмү 6,4 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат кабарда.

Жапаров: кредити барларга бюджеттен эмес, башка булактан жардам берилет

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,3 пайызы) жана Жалал-Абад (15,7 пайызы) облустарынын, Бишкек шаарынын (14,8 пайызы), ошондой эле Чүй облусунун (13,1 пайызы) тургундарына берилген.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,5 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (27 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (10,4 пайыз) чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0