Кыргызстан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү Кытайдан дагы бир ирет сурады

© REUTERS / Thomas White / Illustration / File PhotoАКШ доллары жан Кытайлык юань. Архив
АКШ доллары жан Кытайлык юань. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлердин сүйлөшүүсү октябрь окуяларынан кийинки эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий байланышы болду.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кытайлык кесиптешинен тышкы карыздын Кыргызстандын бюджетине келтирип жаткан оорчулугун жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

16-ноябрда Казакбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул октябрь окуяларынан кийинки эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий байланышы болду.

"Коронавирустун макроэкономикалык кырдаалга тийгизген негативдүү таасиринен улам министр өлкө бюджетинин жүгүн жеңилдетүү үчүн тышкы карыз боюнча көмөк көрсөтүү маселесине көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Казакбаев Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынарын баса белгилеген. Бул максатта жакынкы күндөрү көйгөйлөрдү кенен талкуулоо максатында Кыргызстандагы Кытайдын алдыңкы компаниялары менен тегерек стол өткөрүү пландалганын айткан.

Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Өз кезегинде Кытай ТИМинин башчысы Ван И КРден экспорттолчу экологиялык айыл чарба азыктарын жана чек аралаш Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна ташылган көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар болуп турганын билдирген. Муну менен бирге кытай тарап Кыргызстан менен болгон активдүү кызматташтыгын улантууга даяр экенин ырастаган.

Ошондой эле тараптар "Торугарт" жана "Эркеч-Там" кыргыз-кытай чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктуларын толугу менен жандантуу маселесин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, соңку 12 жылдын ичинде Кыргызстандын Кытайдан алган карызы дээрлик 200 эсеге өсүп, 1 миллиард 775 миллион 130 миң долларга жетти. Бийлик Кытай башында турган бир катар өлкөлөр менен карызды реструктуризациялоону сүйлөшүп жатат.

Буга чейин Финансы министрлиги Кытай насыя төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн белгилүү бир шарт коюп жатканын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0