Улуттук банк доллардын өсүшүн токтотуу үчүн 23,4 млн. доллар сатты

© AFP / YURI CORTEZАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде өткөн жуманын ортосунда доллар сатып алууда жана сатыкта 84 сом болсо, акыркы эки күндөн бери сатып алууда 84 сом 71 тыйын, сатыкта 84 сом 9 тыйындан түшпөй кармалып турат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кечээ, 16-ноябрда, Улуттук банк Кыргызстандагы валюта рыногундагы абалды жөндөш үчүн 23,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жыл башынан бери 22 млрд. сомдук карызынан кутулду
Кыргызстанда акыркы күндөрү АКШ акчасынын курсу кескин өсүп жатат. Эгерде өткөн жуманын ортосунда доллар сатып алууда жана сатыкта 84 сом болсо, акыркы эки күндөн бери сатып алууда 84 сом 71 тыйын, сатыкта 84 сом 9 тыйын болуп түшпөй, кармалып турат.

Белгилей кетсек, Улуттук банк доллардын өсүшүн токтотуу үчүн биринчи жолу доллар сатып жаткан жок. 12-ноябрда өлкөнүн башкы банкы 26,8 миллион доллар саткан.

Улуттук банктын карамагында турган алтын-валюта кору (эл аралык валюта кору) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта рыногундагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү үч миллиард сомду түзөт. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы жарым жылдыктагы импортуна туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0