Кыргызстанда бут кийим чыгаргандарга бажыдан бир топ жеңилдик берилди

Жазылуу
ЕЭКтин көрүп жаткан чараларынын бири — тери, булгаары буюмдарын жана бут кийим өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталганы кабарланды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө булгаары жана бут кийим өнөр жайын колдоо боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Анда ЕЭКтин кеңеши бир катар химиялык өнөр жай товарлары боюнча бажы төлөмүн алып салуу токтомун чыгарганы айтылат.

"Атап айтканда, мындан ары эфирдик спирт, танниндер жана биринчи формадагы полиуретандарга бажы төлөмү алынбайт. Мурдараак ГЭК коллегиясы боёк, лактарга, булгаары жасоого ылайыкталган даяр суу пигменттери жана булгаары бут кийим өнөр жайы үчүн колдонулган каражаттарга бажы коюмун азайткан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган чаралар тери, булгаары буюмдарын жана бут кийим өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталганы кабарланды. 

ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0