Улуттук банк доллардын өсүшүн токтотуу үчүн 26,8 млн. доллар сатты

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы күндөрү доллардын курсу кескин өсүп жатат. 13-ноябрга карата сатып алууда болжол менен 84,5 сом, ал эми сатыкта 84,9 сомго чыкты.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Улуттук банк кечээ валюта рыногундагы абалды жөндөө максатында 26,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстанда акыркы күндөрү АКШ акчасынын курсу кескин өсүп жатат. Эгерде 11-ноябрда, шаршемби күнү, бир доллар сатып алууда 83,94 сом, сатыкта 84,33 сом болсо, бүгүн сатууда 84,9 сомго чыкты.

Бир айга чукул мурда, тагыраагы 15-октябрда, кечке жуук акча алмаштыруу жайларында жана банктарда доллардын курсу 81,5 сом (сатып алуу) жана 81,9 (сатуу) болчу. Бүгүн да курс болжолдуу түрдө ошондой — 84,5 сом (сатып алуу) жана 84,9 (сатуу).

Экономика олку-солку болуп турганда акчаны кантип сактоо керек

Улуттук банктын карамагында турган алтын-валюта кору (эл аралык валюта кору) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта рыногундагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү үч миллиард сомду түзөт. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы жарым жылдыктагы импортуна туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0