Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бийлик 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берет. Тартиби

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Садыр Жапаров 100 миң сомго чейин насыя алгандарга мамлекет үстөк пайыздарды төлөшөрүн билдирген. Анын айтымында, бул үчүн каржылоо булагы табылган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Финансы министри Кыялбек Мукашев 100 миң сомго чейин кредит алган жарандарга жардам берүүнүн тартибин түшүндүрдү. Министр Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты.

Ал буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 100 миң сомго чейин насыя алган жарандардын үстөк пайызын төлөөгө мамлекет жардамдашарын айтканын эске салды.

Мукашевдин айтымында, каражат мамлекеттик ички ресурстардын эсебинен жабылат. Бул болжол менен 1,2 миллиард сомду талап кылат. Бул жерде үч ай - декабрь, январь жана февраль айлары жөнүндө сөз болуп жатат.

Финансы министрлиги: тышкы карызды төлөө үчүн депозиттик эсеп ачылды

"Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сом насыя алган жарандардын тизмеси боюнча маалыматтарды чогултууну пландап жатат. Насыя алуучу банкка келет, ал эми финансылык жөнгө салуучу өкүл коммерциялык банктар менен бирге иштерди жүргүзөт. Жарандар арыздарды беришет, ал эми коммерциялык банктар аларды Улуттук банктын кароосуна жөнөтөрү болжолдонууда. Улуттук банк бул уюмдарды каржылаган Финансы министрлигине маалыматтарды берет", — деген министр.

Жапаров буга чейин каржылоонун жолдору жана булактары табылганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0