Министрлик: жыл этегине чейин фармкомпанияларга болгон карыз төлөнүп бүтөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүФармкомпаниядагы ишкер. Архив
Фармкомпаниядагы ишкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун берген маалыматына ылайык, фармацевтикалык уюмдарга дагы 355 миллион 896 миң сом берилиши шарт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 2020-жылдын аягына чейин фармацевтикалык компанияларга болгон карызды төлөп бүтүрүүгө аракет кылабыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин финансы саясаты башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирген.

Анын айтымында, 1-ноябрга карата саламаттык сактоо мекемелердин  фармкомпанияларга болгон карызы 538 миллион сомду түзгөн.

"Саламаттык сактоо, Каржы министрликтери жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жакында эле жыйын өткөрүп, жыл аягына чейин карызды толугу менен жабуу чечимин кабыл алды. Сүйлөшүүнүн негизинде Каржы министрлиги акча бөлүп берип, карыздын 300 миллион сому төлөндү", — деди Баймурзаев.

КРдин карыздан кутулуусуна коррупционерлер менен кредиторлор кантип жардам берет

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 1-ноябрга карата берген маалыматына ылайык, фармацевтикалык уюмдарга дагы 355 миллион 896 миң сом төлөнүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0