Садыр Жапаров: 100 миң сомго чейин насыя алган үй-бүлөлөргө өкмөт жардам берет

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял акча санап жатат. Архив
Аял акча санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин айтымында, бул маселе кечээ чечилип, каржы булактары табылган. Ага бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом сарпталат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 100 миң сомго чейин насыя алган үй-бүлөлөргө өкмөт жардам берет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна барган иш-сапарында элдин алдында сүйлөп жатып айтты. 

Анын айтымында, мамлекет жалпы 600 миң үй-бүлөгө көмөк көрсөтөт.

"100 миң сомго чейин насыяны адатта жашоо шарты начарлар алышат. Алардын арасында 20, 50, 80 миң сом кредит алгандар бар. Алардын үч айлык пайызына жардам берели деп чечтик. Андан жогорку сумма алгандарга көмөк көрсөтүүгө өкмөттүн күчү жетпейт экен. Бул маселени чечүү үчүн 15 күндөй убакыт сарпталып, кечээ ал чечилди. Каржы булактарын таптык. Ага бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом сарпталары маалым болду. Жалпы 600 миң үй-бүлөгө жардам беребиз", — деди Жапаров.

УКМК: Кыргызстанга түшпөгөн 1 млрд. долларлык кредитти бийлик төлөп жатат

Премьер-министр жакын арада токтом чыгарын, анда шарттары толук жазыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0