Экономика министрлиги бизнести текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКурс валют в Москве
Курс валют в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чара ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын ишине айрым органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн токтотуу максатында сунушталып жатат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Экономика министрлиги 2022-жылдын 1-январына чейин укук коргоо органдарынын ишкердиктин субъектилерин текшерүүсүнө мораторий киргизүүнү сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мындай чара ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын укугунун корголушун камсыз кылууга, ишкерлердин ишине айрым органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн токтотууга, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу сунушталууда.

КРдин карыздан кутулуусуна коррупционерлер менен кредиторлор кантип жардам берет

Төмөнкү жагдайлардын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө чек коюлат:

  • жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
  • жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
  • бажы көзөмөлү астында турган товарларга карата Бажы кызматынын текшерүүлөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0