Жапаров: тышкы карыздан өз ресурстарыбыз менен кутулсак болот, эсеп ачылды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архив
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаровдун айтымында, сырттан карап тургусу келбеген ишкерлерден, мигранттардан жана карапайым жарандардан тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу боюнча сунуш түшүүдө.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мамлекеттин тышкы карызынан өз ресурстарыбыз менен кутулсак болот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Region телеканалына берген маегинде сөз кылды.

Анын айтымында, сырттан карап тургусу келбеген ишкерлерден, мигранттардан жана карапайым жарандардан тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшүүдө.

Мындан улам ал Финансы министрлиги тараптан эсеп ачылганын айтты.

"Эсеп президенттик фонд сыяктуу ачылды, жакында жар салабыз. Бир апта мурда тышкы карыздан кутулуу жолун издөө тапшырмасын бергем. Анын бир жолу — өз ресурстарыбыз менен кутулуу. Мисалга Кытайдан алынган карызды келтирсек болот. Ал үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл, бул божомолдор гана", — деген Жапаров.

Бишкекте ижарачылар мэрияга 380 млн. сом карыз

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу башка карыздардан дагы табигый ресурстар менен кутулса болорун кошумчалады. Бирок эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүргөн жок.

Эске салсак, июль айынын аягындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү, тагыраагы , 4 миллиард 170 миллиону тышкы карызга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0