Кыргызстанда доллар баасы 82 сомдон ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта и долларовая купюра
Национальная валюта и долларовая купюра  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Март айынан бери чет элдик валютанын баасы 77 жана 85 сомдун ортосунда түшүп кайра көтөрүлүүдө. Акыркы учурда 79 сом болуп турган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын баасы дагы кымбаттады. Бул тууралуу Valuta.kg сайтына жарыяланды.

Бир сомдук купюра аукциондо өз наркынан 1 500 эсе кымбат сатылууда

Андагы маалыматка караганда, Бишкекте 1 доллар 82.35 сомдон сатылып, 82.00 сомдон сатып алынууда. Айрым жерлерде 81.90 сомдон сатылып, 82.10 сомдон сатып алынууда. Маалымат саат 12:30га карата алынды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-мартында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Март айынан бери чет элдик валютанын баасы 77 жана 85 сомдун ортосунда түшүп кайра көтөрүлүүдө. Акыркы учурда 79 сом болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0