Айыл чарба министри Токтогазиев үч багытка басым жасаарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы министр фермерлерди бириктирүү менен алардын күчтүү жана ийгиликтүү болушуна шарт түзүлөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев ата мекендик фермерлердин шартын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырыла турган үч процессти атады.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн-маалымат жыйынга катышты.

"Фермерлерди бириктирүү менен биз аларды күчтүү жана ийгиликтүү кыла алабыз. Өлкөдө дыйкандар бир эле учурда агроном, технолог, маркетолог жана финансист болууга аргасыз. Биз сунуштап жаткан кооперация айыл чарбасына көп пайдасын тийгизет", — деди министр.

Ал эми экинчи процесс — санариптештирүү, үчүнчүсү — өнөр жайды кайра иштетүүнү өнүктүрүү. Бул кыргызстандыктарга товарды чийки эмес, кайра иштетилген түрүндө сатууга жол ачат.

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

"Мисалга картошканы алалы, эгер тазалап капка салып койсок, жөн гана таңгактоо болуп калат. Ал эми пюре жасоого ылайыкташтырып порошок түрүндө жасасак, кайра иштетүү болуп саналат. Муну менен транспорттук чыгымдарды азайтабыз. Эки жыл мурун картошканын баасы 4 сом болду, чет өлкөгө сатуу үчүн транспорт акысына килограммына 4 сом төлөш керек. Мында өзүн актабайт. Порошок түрүндө жасалса бир килограммын болжол менен 300 сомдон сатсак, жолго кеткен чыгым анча маанилүү болбой калат", — деди Токтогазиев.

Соңунда министр эң башкы тапшырмасы айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн реформа жүргүзүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0