Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековОнлайн-брифинг министра сельского хозяйства Тилека Токтогазиева
Онлайн-брифинг министра сельского хозяйства Тилека Токтогазиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп, ким эмне менен алектенип жатканын аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо, аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы, райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0