Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш

Жазылуу
Кыргызстандыктардын арасында каржылык сабаттуулук кеңири тарап барат. Анын ажырагыс бөлүгү — акчага зарыл болгон күнгө топтоо же каржылык коопсуздук жаздыкчасы.

"Эгер мени иштен кетиришсе, айлыгы алда канча аз болсо да дароо биринчи табылган ишке орношушум керек. Антпесе, жашоого тыйын табыш кыйын", — деп калды курбуларымдын бири. Мындай көрүнүш тааныштарыма, досторума жана анын ичинде мага деле тиешелүү.

Жумуш алмаштырып, жакшы тапкан ишке кирдим. Бирок кирешемдин көбөйүшү тапканыма таасир деле этпеди. Каржылык тартип жана сабаттуулуктун жоктугунан мурдагыдай эле ай аягында маянам калбай калат.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Ай аралыгында бир нече күн падышадай жашайм, андан кийин өп-чап күн өткөрөм. Май токоч, 18 сомдук пакеттеги ботко – түшкү тамагым ушундай болуп калат. Батир ижаралабайм, бензин же тетик алчу унаам жок, дегеле милдеттүү чыгымдарым деле аз болчу.

Досум таамай мүнөздөгөндөй, "акча турса кытыгылай берип" так эсеп менен жашаганды билчү эмесмин. Чыгымдарың тапканыңа теңме-тең болсо, ашыкча каражаттын жоктугу жумуштан кеткениңде азапка салышы ыктымал. Айрыкча пандемиядан улам карантин убагында тыйын топтой билүү маселесинин актуалдуулугу артты. Анткени кыргызстандыктардын көбү жумушсуз калып же кирешеси бир топ кыскара түштү.

Каржылык коопсуздук жаздыкчасы деген эмне?

Бул — турмушубузга киргенине көп боло элек жаңы термин. Эртеңки күнгө ишенимдүү арыш таштоо үчүн кайсы бир көлөмдө тыйын топтоп коюуну туюндурат. Бирок, албетте, бул көрүнүштүн өзү жаңы эмес, ата-энелерибиз "кыйын күнгө" же зарылып калбайлы деп тыйын жыйнап коюшчу.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперттер эң оболу бир айлык чыгымдарды эсептеп алып, ошого жараша акча топтоону сунуштайт
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер эң оболу бир айлык чыгымдарды эсептеп алып, ошого жараша акча топтоону сунуштайт

Каржылык коопсуздук жаздыкчасы эмне үчүн зарыл?

Көптөгөн каржылык ресурстар, банк жана эксперттер мунун бир нече себебин аташат:

  • Капыстан кармаган оору (ден соолук көйгөйү);
  • Ишмердик чөйрөнү алмаштыруу чечими. Жумуш издеп же жаңы жөндөмдү өздөштүрүү маалында жашап турууга мүмкүндүк берет. Жаңы багытта ишти тез таап алсаңыз деле башта маяна төмөн болот эмеспи, каржылык коопсуздук жаздыкчасы аны толуктоого шарт түзөт;
  • Кокустан иштен кетүү. Жаңы иш тапканча топтогон тыйындан коммуналдык кызматтарга төлөп, насыяларды жаап, эң башкысы, азык-түлүк сатып алып турууга болот. Ошондой эле жакшыраак төлөнчү иш издегенге да убакыт берет. Маселен, колуңузда акча болбосо, маянасы 20 миң сомдук жумушка кирүүгө да аргасыз болосуз. Ал эми чогултуп койгон акча капчыкта турса, 30 миң сом айлыгы менен иш табылганча күтө аласыз. Жылдык кирешеңиздин айырмасы 120 миң сомду түзүп калат. Албетте, бул сандарды мисал катары гана келтирип турам, бирок миң же эки миң сомдук айырма да жыйынтыгында олуттуу сумма болуп калат;
  • Башка учурларга: жакындардын жаназасы, батирдин же үйдүн пландалбаган ремонту жана башка.

Ар бир адам өз тажрыйбасына жараша запаста акча кармоону талап кылган себептер тизмегин толуктай алат.

Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу

Жеке тажрыйба

Бир нече ирет тыйын топтоого тырыштым, бирок бир-эки аптадан ары ашпай койду. Кийинки айлыкка аз калганда чогулткандарым да короп кетет. Анан андайга кол шилтеп койдум. Бирок бир нече жыл мурун бир досум мага акча топтоо тууралуу кеңешин кайталай берди. Майнапсыз аракеттеримди айтып берсем, ал мага белгилүү бир убакытка чейин, тагыраак, мөөнөттүү аманат ачууну сунуштады. Досумдун кеңеши жакты, анткени топтогон тыйынымды оолак кармап, бир имаратта болбошум керектигин түшүнүп калгам.

Үч аманат ачтыргам. Сөздүн ачыгы, үчөөнү тең мөөнөтүнөн эрте алып, пайыз албай калдым. Чындыгында бул жол мага акчаны көбөйтүү эмес, топтоо каражатындай эле болду. Анткени анчалык деле чоң сумма эмес болчу.

Биринчисин жакын адамымды, дагы бирин көзүмдү дарылатууга, үчүнчүсүн досумдун үйлөнүү тоюна күйөө жолдош болгондуктан жаңы костюм, кошумча жана майда-чүйдөгө сарптадым. Көзүмдү дарылатуу акысын толук жаппаса да, насыя алууда жакшы негиз болуп берди.

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүҮйдө сактоо өңдүү ыкмадан тарта варианттар толтура. Бирок бул учурдун кемчил тарабы бар: уурдап кетиши, чычкан же келемиш кемирип салышы, ал эми кокус өрт чыкса топтогон тыйыныңыз күлгө айланып калышы мүмкүн
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Үйдө сактоо өңдүү ыкмадан тарта варианттар толтура. Бирок бул учурдун кемчил тарабы бар: уурдап кетиши, чычкан же келемиш кемирип салышы, ал эми кокус өрт чыкса топтогон тыйыныңыз күлгө айланып калышы мүмкүн

Запаста канча каражат болууга тийиш?

Эксперттер эң оболу бир айлык чыгымдарды эсептеп алып, ошого жараша топтоону сунуштайт. Өлчөмү боюнча пикирлер ар кыл. Кээде эки жылдык чыгымга тете запас кармоого кеңеш беришет. Бирок көбүнесе кеминде үч айлык запас кармап туруу керектигин айтышат. Кандай болгон күндө да эки жумалык топтогонуңуз деле жоктон көрө жогору.

Кайда сактоо зарыл?

Үйдө сактоо өңдүү ыкмадан тарта варианттар толтура. Бирок бул учурдун кемчил тарабы бар: уурдап кетиши, чычкан же келемиш кемирип салышы, ал эми кокус өрт чыкса топтогон тыйыныңыз күлгө айланып калышы мүмкүн. Бул өңдүү кырсык тоорубаган күндө деле акча жөн жата берсе, инфляциянын айынан акырындап нарксыздана берет (айтмакчы, быйыл анын көлөмү 5-7 пайыз болору болжонууда).

Эң кеңири таралганы — банктык аманаттар. Бир нече артыкчылыгы бар:

  • көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин алуу машакаттуу болгондуктан заматта сарптап жибере албайсыз. Бирок каражатыңызды кайтарып алууда көйгөй жаралчудай деле татаал эмес;
  • пайыздары, башкача айтканда, бир аз үстүнө топтоп же куру дегенде инфляцияны жаап койчу каражат кошулуп калат (улуттук валютада жылдык 11 пайыз, доллар менен жылына 4 пайызга дейре, бирок көбүнесе андан төмөн болот);
  • 200 миң сомго чейинки салымдар мамлекет тарабынан кепилденет. Жакында эле Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айткандай, дал ушул себептен кыргызстандыктар топтогонун ар кайсы банкка 200 миңден бөлүп салышат.

Ошондой эле оригиналдуу, ошону менен бирге эле кызыктуу бир кеңеш россиялык интернет айдыңында жүрөт. Эгер бир жылдык чыгымыңызга чамалуу суммаңыз бар дейли, анда аны төрт жылдык салымга бөлүп, улам үч ай өткөрүп аманат ачуу да мүмкүн. Ар үч айда депозиттердин биринин мөөнөтү аяктайт, эгер тыйынга зарылбасаңыз, дагы узартып коюуга болот. Зарылдыгы чыкпаса, пайыздарын да кошо алуу үчүн бирдиктүү аманатты бөлбөй эле койгонуңуз оң.

Дагы бир кеңеш — үйдө накталай түрдө азыраак акча же киреше картасын кармаңыз. Кам санабаңыз, бизде андай бар. Мындай оперативдик резерв тезинен акча керек болгондо, мисалы, ооруканага жатууга туура келип, ал эми ошол убакта банктар жабык болуп калса, жардамга келет.

Мындан сырткары, башка ыкмалары да бар: облигациялар, алтын, мал, кыймылсыз мүлк. Бирок кандай болсо да акчага бачым айлана турган нерселерди кароо абзел.

Рублдин арзандашы КР экономикасына жана сомго кандай таасир этет? Саресеп

Негизги кеңештердин бири — бул диверсификация. Шарттуу айтканда, бир продукуга эле болгон акчаны сала берген болбойт. Диверсификациянын түрү көп. Эгер салымдар тууралуу айта турган болсок, анда бул ар башка банк, валюта, ал эми кеңири мааниде, бул шарттуу түрдө — облигация жана аманат.

Өлкөнүн башкы банкири топтогон тыйыныңызда үчкө бөлүп: экөөнү сом жана доллар түрүндө банкка салып, үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларын сатып алууга кеңеш берет. Бирөөндө баарын кармоо кооптуу.

"Өз "портфелиңизди" дайым диверсифицикациялоого болот. Сом, доллар же алтын түрүндө гана сактоо — натуура жол", — деп түшүндүрөт Абдыгулов.

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча топтоонун эң кеңири таралганы — банктык аманаттар
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Акча топтоонун эң кеңири таралганы — банктык аманаттар

Кыргызстандыктар акчаларын кандай кармайт?

Калк жалпысынан канча каражат үнөмдөп топтоорун аныктоо кыйын экенин белгилейт Улуттук банк. Бирок накталай акча көлөмүн карасак болот.

"2020-жылдын 30-июлуна карата банктар тышындагы накталай акча көлөмү 120,6 миллиард сомду түзгөн. Жыл башында бул көрсөткүч 96 миллиарддын деңгээлинде эле. Мындай өзгөрүү карантиндик жана чектөө чараларынан улам калктын накталай каражатка талабынын өскөнүнө байланыштуу", — дешти банктагылар.

Жеке жактардын банктардагы аманат жана эсептери июндун аягында 89 миллиард сомду (мөөнөттүү аманаттарда – 47 миллиард) түзгөн. Жалпысынан кандайдыр бир каржылык коопсуздук жаздыкчасы кеңири жайыла баштаганын айтсак болмок. Бирок анткен менен жеке жактардын 4 миллион гана салымы бар, алардын ичинен 122си мөөнөттүү.

"Каржылык жаздыкча жаратуу ыкмасы элге кеңири таралбаганын каржылык ортомчулардын кызматтары аркылуу бүтүм чыгарууга болот", — деп эсептейт Улуттук банктагылар.

Өлкөнүн башкы банкы белгилегендей, кыргыздар көчмөн калк катары жана экономиканын айыл чарба багытынан улам, айрыкча, аймактарда топтогон акчасына мал сатып алып коет.

Бюджеттик чыгым 10,3 млрд сомго кыскарат. Капчыгы жукарчулардын тизмеси

Ошондой эле тыйын топтоонун эффективдүү жана заманбап түрлөрү да арбын, маселен, баалуу кагаздарга инвестиция (акциялар, облигациялар), алтын жана баалуу материалдар, кыймылсыз мүлк же кирешенин альтернативдик булактарын (ишкерлик) да карап чыгууга болот.

"Пандемия каатчылык адамдардын каржылык абалына жана алардын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир этерин көрсөттү. Ошондон улам каржылык коопсуздук жаздыкчасын түзүп алуу бүгүн актуалдуу жана аны өрчүтүү абзел", — дейт Улуттук банктагылар.

Бул багытта иш жүрүүдө. Улуттук банк 2016-2020-жылдарга Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын негизги координатору болуп саналат.

Акча топтоо боюнча кеңештер

Бул багытта эксперттердин кеп-кеңеши мол. Бирок сиздерге маанилүүсүн, ошондой эле өзүмдүн жана досторумдун жеке тажрыйбаларынан кошумчалайын:

  • Чыгымдардын эсебин жүргүзүү керек. Бир айлык мониторинг болбогон нерселерге, кофе жана байкалбаган чыгымдарга бир нече миң сом кетерин көрсөттү. Мына, сиздерге акча үнөмдөөнү баштоонун бир жолу;
  • Кошумча айлык издөө же иштеген жериңизде маянаны жогорулатууга тырышуу зарыл. Чыгымдарды гана азайтууга умтулбастан, кирешени да жогорулатуунун жолун издөө керек;
  • Кирешенин 10 пайызынан кем эмес бөлүгүн топтоо. Албетте, жылдык запасты жыйноого 10 жыл керектелет. Ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша улам топтой берген оң. Ушунун эле аркасынан түшүп алган да болбойт, анткени акча үнөмдөйм деп ачка-ток калып жүрүп зыян тартып калышыңыз ыктымал. Баары чеги менен болгону жакшы;
  • Биринчи кезекте каржылык коопсуздук жаздыкчасын толуктоо абзел. Менин биринчи жана үчүнчү депозитим бирдей болду. Бирок биринчисин толуктоого эки жыл, ал эми үчүнчүсүнө сегиз айдай убакыт кеткен. Ыкмасы гана ар башка эле. Биринчи учурда карызымдан кутулуп, ата-энеме берип, өзүм каалаган нерселерди сатып алып, кийин калган акчаны которуу ушунчалык оор болгон. Ошол себептен, аманат сарамжалдуу болгондо гана толукталчу. Экинчисинде аны толуктамайынча бир тыйын да коротчу эмесмин. Мындай учурларда эксперттер "адегенде өзүңө төлө" деп калышат.

Албетте, акча топтоо же топтобой коюу өзүңүзгө гана жараша. Бакыт акчада болбогону менен колуңуздагы каражат бактысыздыктан качууга жана анын кесепеттерин жумшартууга көмөкчү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0