Министрлер ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгын талкуулайт

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүЕАЭБдин жыйыны
ЕАЭБдин жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ соода тармагынын көп жагын камтымакчы. Мында техникалык жактан жөнгө салуу, бажы процедуралары, атаандаштык жана электрондук соода жаатында сөз болот.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында ЕАЭБ менен Кытай демилгесинин өз ара кызматташтыгына арналган "Бир алкак — бир жол" деп аталган видеофорум болот.

26-27-октябрда Россия, Кытай, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Беларустагы бизнес адамдары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү, ЕАЭБ менен Кытайдын иш тажрыйба жүзүндөгү алакалары талкууланмакчы. Алар – экология, туруктуу өнүгүү, логистика, транзит процессинде санарип чечимдерди тереңдетип киргизүү, улуттук валюта менен эсеп-кысап жүргүзүү жана агро өнөр жай боюнча кызматташуу маселелери.

ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды

Иш-чара Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында өтөт.

"Бир алкак — бир жол" деп аталган глобалдуу транспорттук жана инвестициялык инфратүзүмдү калыптандыруу жаатындагы кытайлык демилге эки долбоорду бириктирди. Алар — "Жибек жолунун экономикалык алкагы" жана "XXI кылымдагы деңиз Жибек жолу".

"Евразиялык экономикалык биримдик менен Кытай Эл Республикасын инфратүзүмдүк, техникалык, коммуникациялык барьерлерди аттап өтүү, континентте экономикалык аймакты түзүүнүн маанилүү экендигин түшүнүү бириктирип турат", — деди ЕЭКтин Соода коллегиясынын мүчөсү Андрей Слепнев.

Онлайн-жолугушуунун катышуучуларынын арасында Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Игорь Моргулов, Кытайдын коммерция министри Чжунь Шань, Беларусь ТИМинин жетекчисинин биринчи орун басары Александр Гурьянов, Казакстандын соода, интеграция министри Бахыт Султанов, Армениянын экономика министри Тигран Хачатрян, Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Путин: ЕАЭБ ири бирикмелер менен кызматташуусун күчөтүшү керек

ЕЭКтен өтө турган иш-чара ЕАЭБ — Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча 2019-жылдын күз айында күчүнө кирген макулдашуулардын арбышын шарттай турганын айтышты.

Документ соода тармагынын көп жагын камтымакчы. Алар – техникалык жактан жөнгө салуу, бажы процедуралары, атаандаштык жана электрондук соода. Бирок бажы алымдарынын арзандашы боюнча маселе каралбайт. Бул ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык өз ара алаканы өнүктүрүү боюнча келишимдердин комплексин түзүүгө шилтенген биринчи кадам.

Иш-чара интерактивдүү түрдө орус, кытай жана англис тилдерин аталган аянтчага пайдаланып, аны YouTube каналына, социалдык тармактарга түз алып берүү ыкмасы менен өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0