Статком: чакан жана орто ишканаларда айлык ортодон төмөн бойдон калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары жана калькулятор столдун үстүндө. Архив
Сом купюралары жана калькулятор столдун үстүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто жана чакан ишканаларда жалпысынан 107,8 миң кыргызстандык эмгектенет. Былтыр алардын орточо айлыгы 12 712 сомду түзгөн.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин айлыгы жылдан жылга көбөйүп келе жатканына карабай, дагы деле өлкөдөгү орточо айлыктан төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.

Маалымат 2019-жылга карата берилген.

"Аталган тармакта айлык акырындан өсүп отуруп, былтыр орто эсеп менен 12 712 сомго жеткен (2015-жылы бул көрсөткүч 9 542 сом эле). Бирок дагы деле өлкөдөгү орточо айлыктан (17 232 сом) төмөн болуп келет", — деп айтылат отчётто.

Россия: орточо айлыктын көлөмү жана кайсы кесиптин ээлери көп маяна алары айтылды

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2019-жылы орто жана чакан ишканалардын саны 17 миңге жеткен. Алардын 26 пайыздан ашыгы дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо менен алектенсе, 15,2 пайызы өндүрүш тармагында иш алып барат. 11,9 пайызы курулуш иштерин аткарат.

Орто жана чакан ишканаларда жалпысынан 107,8 миң кыргызстандык эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0