Алтын камтылган кенди казуу жана сатууда киреше салыгы жогорулады

© AFP / GEORGES GOBETКиши алтын кармап турат. Архив
Киши алтын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыктын коюму 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөйөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендер үчүн киреше салыгы жогорулатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Салыктын коюму 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 22-августундагы № 141 мыйзамга ылайык, роялти боюнча салыктык база металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы болуп саналат.

Ибраев: былтыр 73 400 тонна концентрат өлкөдөн чыгарылган

Роялти боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен төмөнкүдөй бирдиктүү ставка белгиленет:

  • алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө;
  • алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Мыйзам 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0