Кыргызстан Европа биримдигинен каржылык жардам сурады

© AFP / PHILIPPE HUGUENЕвропа биримдигинин желеги жана акча. Архив
Европа биримдигинин желеги жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, өлкөдө легитимдүү бийлик орнотулганын белгилеген.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн алкагында Казакбаев Кыргызстандын бюджетин колдоого каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн. Ошондой эле каржылык макулдашуулар долбоорлору боюнча кыргыз жана европа тараптын жолугушуусун уюштурууну сунуштаган.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Аны менен катар ТИМ башчысы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, учурда өлкөдө абал турукташканын, саясий процесстер укуктук талаага кайтарылып, легитимдүү бийлик орногонун, аткаруу органдары штаттык режимде иштеп жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0