Жапаров Абдыгуловго финансы рыногун жөнгө салуу боюнча тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы банкынын жетекчиси валюта рыногундагы абал жана макроэкономикалык жагдайлар тууралуу маалымат берген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды
Жапаров Абдыгуловго финансы рыногун жөнгө салуу боюнча тапшырма берди - Sputnik Кыргызстан
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Жолугушууда Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономика, банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын иштери, ошондой эле валюта рыногундагы абал тууралуу маалымат берди.

"Садыр Жапаров Улуттук банкка улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу чараларын кабыл алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.

Доллар эмнеге кымбаттап жатат? Улуттук банк түшүндүрмө берди

Мындан тышкары, калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустун кесепеттерин жайгаруу боюнча маселелер талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0