Доллардын баасын кармап туруу үчүн Улуттук банк 17,1 млн. доллар сатты

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби жана бейшемби күндөрү доллардын баасы 81 сомго чыгып, эки сомго кымбаттады. Учурда 81,5 сомдон сатып алынып, 81,9 сомдон сатылууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кечээ, 15-октябрда, Улуттук банк 17,1 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Бейшемби күнү кечинде курс 81,5 (сатып алуу) жана 81,9 (сатуу) сомду түзгөн. Азыркы тапта да ушул калыбында кармалып турат.

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту

Улуттук банк муну чет элдик төлөмдөрдүн жанданганына жана өлкөдөгү акыркы окуяларга байланышкан кыска мөөнөттүү көрүнүш экенин билдирген.

Акыркы эки күн аралыгында доллардын баасы 81 сомго чыгып, дээрлик эки сомго кымбаттады.

Улуттук банктын алтын валюта резерви сомдун курсун кармап, рыноктогу олку-солкулукту жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет. Резервдин көлөмү ушу тапта 3 миллиард сом экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0