Кыргызстан миллиондогон доллар жоготобу? Эксперттердин кооптонуусу

© REUTERS / Lee Jae WonДолларлык купюралар. Архив
Долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы тоо кен тармагы боюнча иш алып барган бир катар компаниялар аргасыздан ишин токтоткон. Алар мамлекетке бир айда орто эсеп менен 1,6 миллион доллар салык төлөйт.

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Тоо кен тармагындагы жөнөкөй эле ишканалардын туруп калышы Кыргызстандын бюджетине күн сайын 50 миң доллар зыян алып келиши мүмкүн. Мындай бүтүмгө октябрдын башындагы окуялардын кесепетинен келтирилген чыгымдын алдын ала суммасын эсептеген эл аралык кеңештин адистери билдирген.

Бүгүнкү күндө ири тоо кен тармактарынын иши токтоп калды. Алар: "Альянс Алтын" (Жер-Үй кени), "Каз Минералз Бозумчак" (Бозумчак), "Вертекс Голд Компани" (Жамгыр), "Эти Бакыр Терексай" (Терексай), Full Gold Mining (Иштамберди), "Чаарат Заав" (Чаарат) жана "Кичи Чаарат" (Куру-Тегерек).

Жер-Үй кенине белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтотту

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-Үйдөгү талап-тоноолор 15-20 миллион доллар, Иштамберди 1,5 миллион доллар чыгым тарткан.

"Салык кызматы менен "Ачык бюджет" порталындагы маалыматтарга караганда, жети ишкана бир айда орто эсеп менен 1,6 миллион доллар салык төлөйт. Бул ишканалардын иши токтоп калса мамлекеттин бюджети күн сайын 50 миң доллар жоготот деген коркунуч бар", — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы ишканаларда жалпы жонунан төрт миңден ашык киши эмгектенет. Компаниялар чоң чыгым тартып жаткандыктан жарандар ишсиз калышы дагы ыктымал.

Мындай кырдаалдан чыгып кетиш үчүн эл аралык кеңештин адистери укук коргоо органдары менен жергиликтүү башкаруу органдарын биринчи кезекте тоо кен тармагындагы ишканалардын коопсуздугун камсыздоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0