Кыргызстандан сыртка 303 млн. доллар которулду. 8 айдын жыйынтыгы

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / Illustration / File PhotoАкш долларлык купюралар. Архив
Акш долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк Кыргызстандан сыртка чыгып кетип жаткан каражаттын көлөмү тууралуу маалымат берди. Акча которуу былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу азайган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 2020-жылдын сегиз айында Кыргызстандан сыртка 302,9 миллион 740 доллар которуу жолу менен чыгып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которулган каражат жөнүндө болуп жатат.

Өткөн жылдын январь-август айларында дээрлик 336 миллион доллар сыртка чыккан.

Кыргызстанда бир катар салыктардан жеңилдетүү болду

Бул жылы эң көп которуу июнь айында болсо (49,9 миллион доллар), эң азы апрель айына (17,7 миллион доллар) туура келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0