КРде бардык финансылык операциялар токтотулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралары. Архив
Бир миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу Финансы министрлигинин жалпы жамааты элдин өкүлдөрү менен биргеликте чукул жыйын өткөргөнү айтылат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Финансы министрлиги аркылуу өтө турган бардык финансылык операциялар токтотулду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат жыйынынан билдиришти.

Өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу Финансы министрлигинин жалпы жамааты элдин өкүлдөрү менен биргеликте чукул жыйын өткөргөнү айтылат.

Координациялык кеңеш кандай функцияны аткарат

Ошондой эле жыйында министрдин милдетин убактылуу аткаруучу катары Кыялбек Мукашев сунушталганы кошумчаланды.

Азыркы мезгилде Финансы министрлигинде турукташтыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0